Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын транспорт кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоо сөзүндө мэр айдоочуларга талыкпаган жана ак ниет эмгеги жана шаардын транспорт тармагын өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Акыркы үч жылда президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Кытайдан 1000 жаңы газ менен жүрүүчү автобус сатылып алынып, 3000ден ашык кичи автобус каттамдан чыгарылды. Эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен 120 электр автобусу сатылып алынды, 85 кубаттоочу станция орнотулду, ал эми №1 жана №2 автобус деполору толугу менен жаңыртылды.

Бүгүнкү күндө күн сайын 1500дөн ашык унаа Бишкек шаарынын тургундарына кызмат көрсөтөт. Жакында кошумча 95 жаңы 12 метрлик Ютонг автобусу келиши күтүлүүдө. Транспорт тармагында болжол менен 3500 адам иштейт, алардын 2500  айдоочулар.

Жол тармагына да олуттуу көңүл бурулууда. Быйыл 125 көчөдө жана алардын 38инде тротуарларда капиталдык оңдоо иштери пландаштырылууда. 51 көчөдө оңдоо иштери аяктап, 20 000ден ашык погон метр тротуар калыбына келтирилди. Төрт көпүрө курулуп жатат, алардын бири  пайдаланууга берилди. Бүгүнкү күндө жолдорду оңдоо иштерине 300дөн ашык атайын техника тартылып, 1000 ге жакын адам эмгектенип келет.

Биз шаарыбыздын тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, транспорт жана жол инфратүзүмүн  өнүктүрүүнү улантабыз", - деп баса белгиледи А.Ж. Джунушалиев.

Шаардын транспорт кызматтарынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине Бишкек шаарынын мэриясынын жана Транспорт жана жол- транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.