Борбор калаада Гоголь көчөсү, 127а дарегинде жайгашкан 180 орундуу бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Иштер мектепке чейинки билим берүү мекемелерин өнүктүрүү жана модернизациялоо программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Жалпы аянты 1 800 чарчы метр болгон эки кабаттуу имарат 0,6 гектар жер тилкесинде жайгашкан. Долбоордун максаты — балдардын  билим алуусу жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн заманбап, ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү.

Биринчи кабатта төрт тайпага ылайыкталган оюн жана уктоочу бөлмөлөр, буфет, кир жуугуч, үтүктөөчү жай, санитардык түйүндөр, кызматкерлер үчүн бөлмө, медициналык кабинет, ашкана жана техникалык бөлмөлөр жайгашат. Экинчи кабатта дагы төрт тайпанын оюн жана уктоочу бөлмөлөрү, башчынын кабинети, ошондой эле музыкалык жана гимнастикалык залдар каралган.

Учурда демонтаждоо, ички электромонтаж жана канализация иштеринин баары аяктаган. Ички жасалгалоо иштери уланууда, фасад жана тосмолор орнотулуп, айлана-тегеректи көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Подрядчы уюм — «Рим и Ко» ЖЧКсы.