Борбор калаада Лев Толстой көчөсү, 144 дарегинде Жаш техниктер станциясынын жаңы, заманбап имаратынын курулушу жүрүп жатат. Тапшырыкчы — Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы.

Имараттын жалпы аянты 2563 чарчы метрди түзөт, жер тилкесинин жалпы аянты — 0,342 гектар. Имарат жер төлөсүн кошкондо беш кабаттан турат. Анда окуу кабинеттер, астрономиялык обсерватория, музей, конференц-зал, бий жана актовый залдары, китепкана, машыгуу залы жана балдардын чыгармачылык жана техникалык өнүгүүсү үчүн башка бөлмөлөр каралган.

Аймагында спорттук аянтча (WORKOUT), салтанаттуу иш-чаралар үчүн жабык бастырма, автомодель жана картинг боюнча машыгуу аянтчалары жана башка практикалык сабактар үчүн зоналар курулат.

Учурда экинчи кабаттын бетон иштерин аяктап, инженердик тармактарды тартуу жана колонналарды куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Подрядчы уюм — «Эссир Компани» ЖЧКсы.