Борбор калаанын төрт районунда Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча тургундардын жыйындары өттү. Бул иш-чаралар 2025-жылдын 25-декабрында өтө турган кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды тандоо максатында уюштурулду.

Жыйындар 2025-жылдын 17–22-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгына ылайык өткөрүлдү.

Биринчи Май районунда 8 жыйын өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 102 өкүл шайланды.

Ленин районунда 15 жыйын өтүп, 157 делегат тандалды.

Свердлов районунда 13 жыйын өткөрүлүп, 111 делегат шайланды.

Октябрь районунда 12 жыйындын жыйынтыгында 130 өкүл тандалды.

Иш-чараларга район тургундары жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары катышышты.

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрында өтөт.