Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине караштуу №100 лицейдин 85 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү.

Майрамдын алкагында мектептин аймагында эки жаңы имарат ачылды: жашыл энергетика  боюнча окутуу борбору жана кыргыз-түрк маданий борбору.

Өз сөзүндө Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев экологиялык жактан таза технологияларды өнүктүрүүнүн жана квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи:

"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында заманбап технологияларды ишке ашыруу иштери активдүү жүрүп жатат. Айрыкча, быйыл декабрь айында пайдаланууга берүү пландалган “жашыл” энергетиканын элементтери камтылган катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү заводу курулууда. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өлкөгө жаңы муундагы адистер абдан зарыл. Ошондуктан “жашыл” энергетика боюнча борбордун ачылышы — маанилүү жана өз учурунда жасалган кадам. Мындай борборлор башка лицейлерде да ачылат деп ишенем", - деди мэр.

Расмий аземден кийин коноктор жаңы борборлор менен тааныштырылып, майрамдык концерттик программага күбө болушту.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев, Агартуу  министри Догдуркул Кендирбаева, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем жана башка ардактуу коноктор катышты.