Кыргыз  Республикасынын Жарандык коргонууга даярдык планынын алкагында, Бишкек жылуулук электр борборунда  командалык-штабдык машыгуулар уланууда.

Машыгуунун экинчи күнүнүн сценарийи боюнча күчү 6 баллга жеткен жер титирөөнүн кесепетинен ЖЭБдин мазут чарбасында өрт чыккан.

Практикалык бөлүктө катышуучулар өрттү чектөө жана өчүрүү, персоналды эвакуациялоо жана жабырлануучуларга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча машыгууларды өткөрүштү.

Машыгууларга жылуулук электр борборунун, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жарандык коргонуунун жана шаардык кызматтардын кызматкерлери катышты.

Мындай кырдаалдарды машыктыруу кызматкерлердин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жакшыртууга жана бардык кызматтар арасында натыйжалуу координацияны машыктырууга жардам берет.