"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкектеги жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоону жигердүү улантууда.
Учурда Безымянный көчөсүндө Кадыр-Ата көчөсүнөн Кадырбай-Ата көчөсүнө чейин (Аскер шаарчасынын аймагында) иштер жүрүп жатат.
Бригада жолдун үстүнкү катмарын төшөөнү аяктоодо. Тротуарлар мурда асфальтталган.
Белгилей кетсек, буга чейин бул жол тилкесинде асфальт төшөлгөн эмес. Иштер аяктагандан кийин бул жерде жаңы жол, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана ирригациялык система пайда болот.