2025-жылдын 18-октябрында Таш-Дөбө айылында С. Жуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн жайкы биатлон боюнча ачык биринчилиги ийгиликтүү өттү. Иш-чара мектептин ачык эшиктер күнүнө жана Кыргыз Республикасынын чемпионатына арналды. Мелдештер төмөнкү жаш категориялары боюнча өткөрүлдү: 2008-жылкы жана андан улуулар, 2009–2010-жж., 2011–2012-жж., 2013-жылкы жана андан кичүүлөр.

Мелдешке Чүй жана Нарын облустарындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринен келген 87 спортчу катышып, алардын ичинен 45и — С. Жуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн биатлон бөлүмүнүн тарбиялануучулары болду.

Иш-чаранын уюштуруучулары — Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин алдындагы С. Жуманазаров атындагы ОРАБӨМ.

С. Жуманазаров атындагы ОРАБӨМ окуучуларынын жыйынтыктары:

Спринт 4 км (жигиттер, 2008-ж. жана андан улуулар арасында):
1-орун — Кадыров Элдар;
2-орун — Сапарбеков Артур;
3-орун — Жумалиев Нурислам;

Спринт 3 км (жигиттер, 2009–2010-жж.):
2-орун — Белеков Алишер;
3-орун — Новиков Виктор;

Спринт 2 км (жигиттер, 2011–2012-жж.):
1-орун — Жумалиев Саид;
2-орун — Чокаев Тимур;

Спринт 1 км (жигиттер, 2013-ж. жана андан кичүүлөр арасында):
3-орун — Максатов Эрбол;

Спринт 3 км (кыздар, 2008-ж. жана андан улуулар арасында):
1-орун — Таалайбекова Бахиана;
2-орун — Таалайбекова Диана;

Спринт 3 км (кыздар, 2009–2010-жж.):
1-орун — Казиева Акылай;

Спринт 2 км (кыздар, 2011–2012-жж.):
1-орун — Токтосунова Айлин;

Спринт 1 км (кыздар, 2013-ж. жана андан кичүүлөр арасында):
2-орун — Таалайбекова Каныкей.