Футбол боюнча «Алга-2» командасы резервтеги чемпионатынын мөөнөтүнөн мурдагы жеңүүчүсү аталды. Команда «ОшМУ-2» менен 2:2 эсебинде тең чыгып, турнирдик таблицада 55 упай топтоду.
Оюндун эң мыкты оюнчусу деп команда капитаны Мелисбек уулу Эльзар (№17) аталып, оюн талаасында ишенимдүү оюн көрсөттү.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев спортчуларды жеңиш менен куттуктап, капитанга «Мыкты оюнчу» медалын жана эстелик статуэтканы тапшырды.
«Жеңиш эмгектен, тартиптен жана ишиңе болгон сүйүүдөн башталат. Силер муну өз оюнуңар менен далилдедиңер. Тырышчаактык жана командадагы биримдик сөзсүз жыйынтык берет. “Алга” дайыма алдыга — жаңы жеңиштерге жана бийиктиктерге карай умтулсун!», — деп белгиледи мэр.
Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын вице-президенти Ильгиз Садыралиев да сөз сүйлөп, «Алга-2» командасынын сезон бою көрсөтүп келген ишенимдүү оюнун жогору баалап, келечекте дагы ийгиликтерди каалады.
Сыйлыктарды оюнчулар менен бирге машыктыруучу, администрациялык жана медициналык курам да алышты — алардын салымы да чемпиондук ийгиликтин маанилүү бөлүгү болду.