Бишкекте «Жер-Ынтымагы» конушунун жашоочуларынын жерлери мыйзамдаштырылды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Жер-Ынтымагы» конушунун тургундарына 17 токтом тапшырды. Жалпысынан мыйзамдаштырылган жер тилкелери 69 гектарды түзөт.
Документтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык берилген, анда жер мунапысына туш келген субъекттер үчүн көрүстөндөрдүн коргоо зоналарынын чек аралары 50 метрден 10 метрге чейин өзгөртүлгөн. Бул өзгөртүүлөр үйлөрү мурда коргоо зоналарынын чегинде болгон тургундардын жер участокторун мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берди.
«Бул иштердин баары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саясатынын алкагында жүргүзүлүүдө. Биз бул аймакта 15–20 жылдан бери жашап келген жарандардын үйлөрүн сактап калууга жетиштик. Өз кезегинде бардык зарыл чараларды көрүп, бүгүн ыкчам түрдө сиздердин жер тилкелерди мыйзамдаштырдык», — деп баса белгиледи шаар башчысы.
Жалпысынан «Жер-Ынтымагы» конушу боюнча 43 токтомго кол коюлган.
Маалымат үчүн:
Жер мунапысы боюнча комиссиялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №567 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомунун негизинде иш алып барат.