Бишкек шаарынын мэриясында «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасына атайын техникаларды тапшыруу аземи өттү. Иш-чара шаардын жылуулук системасынын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жаңы жабдуулар жылуулук тармагын тейлөөнүн сапатын, коопсуздугун жана натыйжалуулугун бир топ жакшыртарын белгиледи.
"Биз муну менен эле токтоп калбастан, ишкана-мекемелерди техникалар менен жабдууну уланта беребиз. Сиздерге тапшырылып жаткан техникаларды жоопкерчилик менен пайдаланып, ишиңиздерге болгон мамилени дагы да жогорулатууга чакырам. Ар бир техника – бул шаарыбыз үчүн кызмат кылат", - деп баса белгиледи мэр.
Долбоор Дүйнөлүк банктын – Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Анын жалпы баасы 37,9 миллион доллар болсо, анын 8 миллион доллары грант катары берилген.
Долбоордун алкагында жылуулук тармактарын масштабдуу модернизациялоо аяктады:
- магистралдык түтүктөр реконструкцияланды;
- 221 жеке жылытуу агрегаттары орнотулду;
- 1825 метр жылуулук тармактары оңдолуп, модернизацияланды;
- 2210 дарекке жылуулук эсептегичтер орнотулду.
Бул иш-чаралардын баары энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.
Бүгүнкү күндө ишканага 27 автоунаа жана 33 атайын техника, анын ичинде жүк ташуучу крандар, экскаваторлор, асфальт кесүүчү жана бетон аралаштыргыч жабдуулар, мобилдик генераторлор жана жылуулук тармактарын эффективдүү тейлөөгө зарыл болгон башка жабдуулар алынды.