Октябрь райондук администрациясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Байтиков Баркалбас Дюшеналиевич акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №2 «Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгына ылайык, мамлекеттик кадр саясатынын алкагында башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кесипкөй кадрларды жана келечектүү жаштарды тартууга багытталган Бишкек шаарынын мэриясынын кадрдык резервинен дайындалды.