Жерге мунапыс берүүнүн алкагында, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын негизинде жер тилкелерин мыйзамдаштыруу иштери активдүү жүрүп жатат.
Бүгүнкү күндө Свердлов районунда 83 комиссиянын отуруму өткөрүлдү. Келип түшкөн арыздардын саны 5 671 болсо, 2083 токтом чыгарылган.
Октябрь районунда жер мунапысы башталгандан бери 210 жашоочуга жер тилкесин бекитип берүү боюнча чечим кабыл алынган. Келип түшкөн арыздардын саны 8 074, комиссиянын 42 отуруму өткөрүлдү.
Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулу жана шаар куруу департаментинин адистери МАБнын кызматкерлери менен биргеликте жер мунапысына туш келген объекттер боюнча маалыматтарды текшерүү жана комиссиянын кароосуна даярдоо үчүн жеринде тактоо иштери уланууда.
Эскерте кетсек, жерге мунапыс жарандарга жеке турак жай куруу үчүн берилген жер тилкелерин мыйзамдаштырууга багытталган жана тиешелүү документтерди белгиленген тартипте жол-жоболоштурууга мүмкүнчүлүк берет.