Борбор калаанын Маданият конушунда Талды-Суу көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат.

Тактап айтканда, 2025-жылдын 20-октябрынан 10-ноябрына чейин Аскер институтунан №143 үйгө чейинки аралыкта канализациялык коллектордун курулуш иштери жүргүзүлөт.

Траншеянын орточо туурасы 1,2 метрди түзөт. Курулуш иштери толук аяктагандан кийин жолдун асфальт жабуусу калыбына келтирилет.

Тапшырыкчы — Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы. Подрядчы — “Арай” ЖЧКсы.