Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунашалиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) негизинде курулган «Мурас» турак комплексинин ичинде ачылган жаңы мектеп филиалынын иши менен таанышты.

Филиалдын ачылышы – Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана Бишкек мэриясынын координациясы менен шаардагы мектептердин ашыкча толуп кетишин азайтуу максатындагы долбоордун бир бөлүгү болуп эсептелет.

Убактылуу, бирок натыйжалуу чечим катары – турак үйлөрдүн биринчи кабаттарында окуу класстарын уюштуруу сунушталды. Бул балдарды үйүнө жакын сапаттуу билим берүү менен камсыз кылып, жаңы мектептер жана бала бакчалар курулгуча, жакынкы окуу жайларга түшкөн жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.

Долбоордун алгачкы объекти – Маликов көчөсүндөгү №40 мектептин филиалы болду. Бул жерде 5-9-класстардын окуучулары үчүн бардык шарттар түзүлгөн. МИК тарабынан берилген имараттар 1000 балага ылайыкташкан, окуу эки сменада өтөт.

Жалпы билим берүү сабактарынан тышкары, мектепте шахмат, тогуз коргоол, кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу жана декоративдик-колдонмо искусство сыяктуу үйрөнүүчүлөрдүн кызыгуусун арттыра турган ийримдер да иштейт. Бул окуучуларга билим алуу менен бирге таланттарын жана кызыкчылыктарын өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Мэр Айбек Джунашалиев пилоттук долбоордун ишке ашырылышын жогору баалап, мындай формат борбор калаанын башка райондору үчүн жакшы мисал боло аларын белгиледи. Ал мындан ары колдонуу үчүн методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

«Негизги максат – балдардын жашаган жерине карабай, алар үчүн билим алуусуна жана өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү», – деди мэр.