Бүгүн, 2025-жылдын 19-октябрында Биринчи май райондук администрациясынын акими Улан Сарылбек уулу, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев жана борбор калаанын тургундары Ю.Фучик көчөсүн Дэн Сяопин проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейинки оңдоп-түзөөдөн өткөн жолду ачышты.
Жалпы узундугу 3,2 чакырымды түзгөн Ю.Фучик көчөсүн реабилитациялоо үч этап менен жүргүзүлүүдө. Борбор калаанын жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча мэриянын иш-планынын алкагында иш үстүбүздөгү жылдын 11-августунда башталган. «ДорстройГрупп» ЖЧКсы подрядчы болуп саналат. Долбоордун жалпы баасы 277,5 миллион сомду түзөт.
Биринчи этап — Москва көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгү оңдолуп ачылган. Бүгүн аяктаган экинчи фаза Дэн Сяопин проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүн камтыйт. Үчүнчү фазаны — Жибек-Жолу проспектисинен Аска-Ташка чейинки бөлүгүн бүтүрүү 2025-жылдын ноябрь айынын аягына пландаштырылган.
Ю.Фучик көчөсүн оңдоп-түзөө борбор калаанын тургундары үчүн чоң мааниге ээ, анткени жол бир нече турак жайларды жана өнөр жай аймактарын бириктирген негизги транспорттук артерия болуп саналат. Мындан тышкары, жаңыланган инфраструктура 2026-жылы Бишкекте өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине чейин ыңгайлуу жана коопсуз жол кыймылын камсыздайт.
Бишкек шаарынын мэриясы Бишкектин жол тармагын туруктуу түрдө жакшыртууну улантууда. Биздин максат - шаар тургундары жана коноктору үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Иштин алкагында жолдун үстүн толугу менен алмаштыруу, фундаментин бекемдөө, аялдамалардагы тротуарларды жана бордюрларды орнотуу, ирригацияны орнотуу иштери камтылган.