Муниципалдык инспекцияда жумушчу жыйын болуп, ага Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Ильяс Колопов катышты.
Жыйында муниципалдык инспекциянын кызматкерлери тарабынан коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын так сактоо, муниципалдык кызматкерлердин этикасы, кызмат учурунда камераны милдеттүү түрдө тагынуу, башаламан сооданы болтурбоо боюнча иш-аракеттерди күчөтүү, коомдук көрктөндүрүү эрежелеринин аткарылышы боюнча негизги маселелер каралды.
Ильяс Колопов мыйзам бузгандарга КР мыйзамдарына ылайык чара көрүлөрүн белгиледи.
«Бүгүнкү күндө Муниципалдык инспекция Бишкек шаарынын мэриясынын жүзү катары саналат. Силер мекеменин формасын кийип жүрөсүңөр, демек, ишиңер да мыйзамдын талаптарына ылайык болууга тийиш», – деди аппарат жетекчиси.
Ошондой эле ал алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, шаарды көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча жарандар жана ишкерлик субъекттер менен түшүндүрүү жана профилактикалык иштерди активдүү жүргүзүү керектигин кошумчалады.
«Ишибизде ачыктык, мыйзамдуулук жана жоопкерчилик принциптерин карманабыз. Кызматтык милдеттерди аткарып жаткан учурда нускамага ылайык боди-камераны сөзсүз алып жүрүү керек. Талаптарды бузган кызматкерлер жумуштан бошотулуп, жоопкерчиликке тартылат», – деп жыйынтыктады И.Колопов.