«Тактеке» спектаклинин премьерасы — адам, табият жана жан дүйнө тууралуу ой жүгүртүү

16-октябрда Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу А. Умуралиев атындагы шаардык драма театрында эл акыны Кыялбек Урманбетовдун чыгармасынын негизинде коюлган трагикомедиялык притча — «Тактеке» спектаклинин премьерасы өттү.

«Тактеке» — бул табият менен байланышын жоготкон, күч менен алсыздыктын, менменсинүү менен кечиримдүүлүктүн, кыйроо менен түбөлүктүү жашоого кайтуунун чек арасында калган адам тууралуу философиялык жана ошол эле учурда жандуу баян.

Спектаклде байыркы Кожожаш эпосу менен бүгүнкү доор табигый түрдө айкалышып турат. Театрдагы маска жөн гана кооздук ыкмасы эмес, адамдын ички дүйнөсүн ачып берүүчү көркөм каражат катары колдонулат. Эпос сахналык тилге айланып, түбөлүктүү темаларды — табият, адам жана дүйнөнүн гармониясын — жаңыча баяндайт.

Бүгүн, 17-октябрда, «Тактеке» спектакли кайрадан көрүүчүлөрдү күтөт. Башталышы — саат 19:00, өтүүчү жай — А. Умуралиев атындагы шаардык драма театры (Чүй проспектиси, 28). Байланыш номерлери: 53-04-42, 0 (500) 20-10-67.