Бишкек шаарында «Аламүдүн» базарынын аймагында экинчи ротордук токтотмо ишке берилди.
Заманбап жабдуу 10 унаага эсептелген жана мейкиндикти кыйла үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Төлөм QR-код аркылуу ыңгайлуу жана тез жүргүзүлөт. Төлөм ийгиликтүү бүткөндөн кийин айдоочу чекти операторго көрсөтүп, токтотмодон чыга алат.
Жаңы ротордук токтотмонун ишке кириши Бишкектин борбордук аймактарында токтотмо жайларынын жетишсиздиги маселесин чечүүгө дагы бир кадам болуп, шаар тургундары үчүн токтотууну ыңгайлуу кылат.