2025-жылдын 11–13-октябрында Баткен шаарында өлкөнүн бардык аймактарынан келген мыкты спортчуларды бириктирген “Манас оюндары” аттуу республикалык улуттук оюндар өттү.

Мелдештин программасына улуттук спорттун түрлөрү кирди: кыргыз күрөшү, ордо, тогуз коргоол, айкүр (канталамай), салбуурун, жаа атуу, табак атуу жана ат үстүндө жаа атуу.

Бишкек шаарынын курама командасы жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, дээрлик бардык дисциплиналар боюнча байгелүү орундарды ээлеп, жалпы командалык эсепте 1-орунду камсыздады.

Бишкек шаарынын курама командасынын жыйынтыктары:
•Кыргыз күрөшү — 1-орун (жигиттер), 1-орун (кыздар);
•Ордо — 1-орун;
•Тогуз коргоол — 1-орун;
•Айкүр (канталамай) — 2-орун;
•Жаа атуу — 1-орун (кыздар, 40 м), 1-орун (жигиттер, 50 м);
•Табак атуу — 3-орун;
•Ат үстүндө жаа атуу — 3-орун.

Бишкек шаарынын курама командасынын бул жеңиши улуттук спорттун өнүгүүсүнүн жана спортчулардын жогорку аракетинин далили болуп, борбор калаанын намысын республикалык деңгээлде татыктуу коргоого мүмкүндүк берди.