Бишкек шаарында 2025-жылдын 17-октябрында саат 09:00дөн 17:00гө чейин Шопен көчөсүндөгү жылуулук түйүнүндөгү  бузууларды оңдоого байланыштуу  5-кичирайондо ысык суу берүү токтотулат.

Ысык суу төмөнкү даректердеги турак үйлөргө берилбейт: №68, 69, 70, 71, 72, 72/1, 73, 79, 80, 81, 82.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.