Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин концерттик залында Кыргыз Республикасынын Социалдык кызматкерлер жана профсоюздар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Майрамдык салтанатка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана башка сыйлуу коноктор катышты.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев социалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, чың ден соолук, бакубаттуулук жана түгөнгүс энергия каалады.

Социалдык кызматкерлер жана профсоюздар күнүнө карата социалдык мекемелердин мыкты кызматкерлери ак ниет эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн Ардак грамоталар, ыраазычылык баракчалар, баалуу белектер менен сыйланышты.

Бишкек шаарынын социалдык өнүгүү системасында 667 адис иштеген 15 мекеме, анын ичинде жалгыз бой кары-картаңдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөткөн 84 социалдык кызматкер иштейт.

Шаардын социалдык өнүгүүсүнө жыл сайын болжол менен 700 миллион сом бөлүнөт, анын 219 миллион сому даректүү социалдык жардамдын 20 түрүнө бөлүнөт, бул жардамды 82 миңден ашык шаар тургундары колдонот.

Жергиликтүү бюджеттен 22 түрдүү социалдык колдоо каржыланат, анын ичинде 10 миңден ашык аз камсыз болгон шаар тургундарына ай сайын жана квартал сайын берилүүчү 15 түрдүү жөлөк пул, 280 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн үч жашка чейинки балдарга акысыз сүт азыктары, 1450 аз камсыз болгон үй-бүлөгө көмүр үчүн төлөм, ошондой эле 1000ден ашык үй-бүлөгө турак-жай субсидиялары каралган.

Бишкекте турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн комплекстүү системасы бар. Азыр шаарда 3 адистештирилген мекеме бар, анда 110 бала жана өспүрүм тарбияланат, ошондой эле жыл башынан бери зомбулук фактылары боюнча 630дан ашуун ыкчам баруу уюштурулган балдарды коргоо борбору, ишеним телефону жана тез жардам кызматы иштейт.

Шаардын социалдык коргоо мекемелери күн сайын 670ке жакын улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды тейлейт.  Үйсүздөр үчүн түнөк жай, тамак-аш жана документтерин калыбына келтирүүдө жардам көрсөтүлөт. Кыш мезгилинде убактылуу баш калкалоочу жайлар иштейт, аларда күнүнө 80ге чейин адам жардам алат. Алардын каржылануусуна бюджеттен 1,7 миллион сом бөлүнгөн.