«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жолчулары шаардык инфратүзүмдү жакшыртуу багытындагы иштерин улантууда.
Учурда Леваневский көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн №136А үйгө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Бүгүнкү күндө жол жээгине бордюр орнотуу иштери аяктап, көчөнүн батыш тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар бордюрлары коюлууда жана ирригациялык система монтаждалып жатат. Ошону менен катар тротуар үчүн негиз даярдоо иштери да жүргүзүлүүдө.
Капиталдык оңдоонун алкагында кызыл сызыктан чыгып кеткен тосмолор жана курулуштар алынган. Муниципалдык аймак бошотулгандан кийин көчө кеңейип, эки тарабында тең тротуар жана ирригациялык система орнотууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.