Бишкек шаарында 2025-жылдын 17-октябрында саат 18:00дөн 18-октябрдын саат 05:00гө чейин транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн Чүй проспектисинин Павлов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат.

Урматтуу шаар тургундары! Убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен карап, жолуңарды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз.