“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Бишкектин жолдорун жана тротуарларын капиталдык оңдоону улантууда.
Учурда «Ак-Босого» конушунун Безымянная көчөсүндө Чүй көчөсү №52 дарегинен Профессор Зима көчөсүнө чейинки тилкеде, №101 орто мектептин түндүк тарабында оңдоо иштери жүрүп жатат.
Тротуарга асфальт төшөө иштери аяктап, жолдун өтүүчү бөлүгүнө бордюрлар орнотулуп, асфальт жабуусун төшөө үчүн негиз даярдалууда.
Белгилей кетсек, аба ырайы жакшы болсо, жолдун жүрүүчү бөлүгүнө асфальт төшөө иштери жакынкы 10 иш күнүнүн ичинде башталат. Иштерди подрядчы уюм — «Жанар Строй Групп» ЖЧКсы аткарууда.