Күз-кыш мезгилине карата Бишкек шаарындагы ЖЭБде атмосферага бөлүнгөн күкүрт диоксидин (SO₂) кыйла азайтууга багытталган заманбап экологиялык жабдуу — күкүрт тазалоо системасы ишке киргизилди.
⠀
Модернизацияланган энергия блоктору пайдаланууга берилген учурдан тартып 2019-жылга чейин күкүрт тазалоо жабдуусу Кытайдын TBEA компаниясынын адистеринин көзөмөлүндө иштеп келген.
⠀
Кийинчерээк, квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигинен жана гипс камтыган шламды сатып алуучулардын жоктугунан улам, бул система токтотулган.
⠀
Азыркы тапта шламды кайра иштетүү технологиялары өнүгүп, шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу чараларынын алкагында бул система кайрадан ишке киргизилди.
⠀
Бүгүнкү күндө жабдуу Бишкек ЖЭБинин адистеринин көзөмөлүндө иштеп жатат.
⠀
Бул технологияны колдонууга алуу – борбор калаанын экологиялык коопсуздугун жогорулатуу программасын ишке ашыруудагы маанилүү кадамдардын бири болду. Ал зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана энергия өндүрүүнүн туруктуу ыкмаларына өтүүгө багытталган.
⠀
Күкүрт тазалоо системасы көмүр жагылган учурда пайда болгон күкүрт кошундуларынын 96,6%га чейинки бөлүгүн кармап калууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде айлана-чөйрөгө болгон жүктү азайтып, Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.