Борбор калаанын мэриясында Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков менен KazAIDдин өнөктөштүк жана аймактык долбоорлор департаментинин директору Бекзат Жакуповдун жолугушуусу болду.

Мэрдин орун басары  Казакстан Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (KazAID) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун делегациясын жылуу тосуп алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптештирүү, билим берүү, медициналык инфраструктураны өнүктүрүү, квалификацияны жогорулатуу, шаар чөйрөсүндө жашыл технологияларды жана климатка туруктуу чечимдерди ишке ашыруу боюнча кызматташууну талкуулашты.

"Бишкек шаарынын мэриясы биргелешкен программаларды ишке ашырууда ар тараптуу административдик жана уюштуруу колдоосун көрсөтүүгө даяр. Бүгүнкү жолугушуу кызматташтыгыбызды бекемдеп, биздин өлкөлөр үчүн маанилүү жана ийгиликтүү жаңы долбоорлорго бекем негиз болот деп ишенебиз", - деп баса белгиледи Мирланбек Байгончоков.

Өз кезегинде казак делегациясынын өкүлдөрү туруктуу өнүгүүгө, тажрыйба алмашууга, социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган биргелешкен демилгелерди колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары да тереңдетүүгө үмүтүн билдиришти.