«Учкун» конушунда жаңы бала бакчанын салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышты.
"Балдар биздин келечегибиз жана үмүтүбүз. Алардын бактылуу балалыгы, сапаттуу билим алуусу үчүн заманбап бала бакчаларды куруп жатабыз. Бул келечек муундун өсүп-өнүгүшүнө кошкон маанилүү салым", - деп баса белгиледи өз сөзүндө.
Айбек Джунушалиев имаратты кыдырып чыгып, катышуучулар менен бирге бала бакчанын аймагына көчөт отургузууга катышты.
Эки кабаттуу имарат 140 балага ылайыкталган, бирок заманбап ыкмалардын аркасында 280 балага ылайыкташкан. Бала бакчада 12 тайпа бар: кенже, орто жана даярдоо.
Имараттын жалпы аянты 1908 м², ал эми жер аянты 0,83 га. Бала бакча Чүй проспектиси менен Аксы көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан. Мекемеде музыкалык бөлмө, спорт зал, медициналык кабинет, ашкана, кир жуучу жай, коммуналдык бөлмөлөр бар. Ар бир топ үчүн өзүнчө оюн аянтчалары каралган.
Долбоорду Бишкек шаарынынк мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы ишке ашырып, подрядчы «Аргын курулуш» ЖЧКсы болгон.
Жаңы бала бакчанын ачылышы борбордун социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана балдарды тарбиялоо жана окутуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү дагы бир кадам болуп саналат.