Бишкекте ДЕПО-2 аймагында борбор калаанын транспорт тармагын өнүктүрүү жана тыгындарды азайтуу маселелерине арналган Жол боюнча кеңеш–2025 жыйыны өттү.

Иш-чарага  Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаары боюнча ЖККБ башчысы Манас Сыдыгалиев, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев, "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасынын директору Жумамүдүн Жумалиев катышты.

Жолугушуунун катышуучулары атайын тилкелерди уюштуруу  жана аэропортко түнкү автобус каттамын ишке ашыруудан баштап, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү курууга, жасалма интеллектти ишке ашырууга, унаа токтотуучу жайлардын саатына акы төлөөгө чейинки маселелерди карашты. Ошондой эле жол акы төлөө системасын модернизациялоо жана Бишкектин башкы планын ишке ашырууга байланышкан маселелер талкууланды.

Бардык суроо-талаптар жана сунуштар иш тартибинде каралып чыкты. Жыйындын жүрүшүндө мэр тиешелүү мекемелерге конкреттүү маселелерди тез арада чечүүнү тапшырды.

Жыйындын жыйынтыгында борбор калаанын транспорттук тармагын мындан ары өнүктүрүү боюнча  сунуштар жана сунуштамалар түзүлдү.

Жыйынтыктоочу сөзүндө мэр Айбек Джунушалиев катышуучуларга конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, шаардын демилгелерин талкуулоо үчүн бул жаңы аянтчанын маанилүүлүгүн баса белгиледи:

"Бүгүн көтөрүлгөн бардык маселелер көзөмөлгө алынып, белгиленген тартипте чечилет. Диалог ачык болгондугу биз үчүн маанилүү. Жол боюнча кеңештин  келечектеги жыйындары мындан да жемиштүү болуп, сунушталган чечимдер аткарылып, шаар тургундары реалдуу өзгөрүүлөрдү көрө алышат деп ишенем", - деди мэр.

Биринчи масштабдуу Жол боюнча  кеңеш-2025 муниципалитеттин, эксперттердин, илимпоздордун, коомчулуктун жана ЖМКнын өз ара аракеттенүүсү үчүн  Бишкектин транспорт системасын жакшыртуунун натыйжалуу чечимдерин табууга багытталган жаңы аянтча болуп калды.