Аталган иш-чара Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин Эл аралык күнүнүн алкагында өткөрүлмөкчү.
Спартакиадага 16 уюмдан 1500 катышуучу катышат.
Мелдеш спорттун беш түрү: шахмат, шашки, стол тенниси, армрестлинг, пауэрлифтинг боюнча өтөт.
Жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын диплом, медаль, кубок жана баалуу белектери менен сыйланышат.