Шаардык муниципалитетте мэр Айбек Джунушалиев менен эл аралык өкмөттөр менен байланыштар боюнча башкаруучу директор баштаган Яндекс GO компаниясынын Кыргызстандагы өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Тараптар коомдук транспортту санариптештирүү жана жол кыймылын башкаруу жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Компаниянын өкүлдөрү "акылдуу шаарды" өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен бир катар чечимдерди ишке ашыруу пландары тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле шаардык   мобилдүүлүктү (самокаттар) жакшыртуу боюнча мүмкүн болуучу чаралар талкууланды.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев жооптуу жетекчилерге көтөрүлгөн маселелер боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Жыйындын соңунда мэр «Яндекс Такси» жана «Яндекс Доставка» ишканаларында иштеген айдоочулар жана курьерлер жол эрежесин катуу сактоого токтолду.