2025-жылдын 10-11-октябрь күндөрү  Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында (КСАПКС) академиянын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү арасында жыл сайын өтүүчү салттуу кичи-футбол боюнча турнир болуп өттү. Ал КМДБнын спорт жана тарбия иштери боюнча проректору Мыктыбек Исманалиевдин жаркын элесине арналды.

Салтка айланган бул турнир быйыл 16-ирет өткөрүлүп, ага 200гө жакын катышуучу келген. Мелдешке ар кайсы жылдардагы студенттерден жана бүтүрүүчүлөрдөн түзүлгөн 18 команда катышты.

Турнирдин жеңүүчүлөрү төмөндөгүлөр болду:
1-орун – 1993-жылдын бүтүрүүчүлөрү;
2-орун – 1998-жылдын бүтүрүүчүлөрү;
3-орун – 1987-жылкы бүтүрүүчүлөр командасы.

Жеңүүчүлөргө жана экинчи орунга ээ болгондор кубок, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан академиянын жетекчилигинин колдоосу менен уюштурулду.

Академияда жыл сайын өтүүчү кичи-футбол турнири спорттук салттарды гана чыңдабастан, студенттер менен бүтүрүүчүлөр арасында муундар аралык улантууну, достукту жана командалык духту бекемдейт.