“Bishkek Travel Fest” биринчи аймактык жаштар туризм фестивалынын алкагында “Ынтымак-1” жана “Ынтымак-2” сейил бактарында мелдештер  өткөрүлдү.

Ынтымак-2 паркында BMX жана скутинг боюнча кичи турнир болуп өттү. Бул экстремалдык жана көчө спорту федерациясынын расмий көчө экстремалдык түрлөрүнүн бири.

“Ынтымак-1” сейил багында ошондой эле өспүрүмдөр жана чоңдор арасында жалпы дене тарбияга даярдык боюнча мелдеш болуп, алар максималдуу түрдө тартылуу жана воркаут статикалык батл боюнча ат салышты.

Белгилей кетсек, бул мелдештерге Казакстандан спортчулар катышууда.