“Bishkek Travel Fest” биринчи аймактык жаштар туризм фестивалынын алкагында Бишкектин “Ынтымак” сейил багында ачык асман алдындагы туризм форуму өтүп, фестивалдын негизги жерлеринин бирине айланды.

Форумдун негизги максаты – туризм тармагынын адистерин, бизнес өкүлдөрүн, окуу жайларды жана жаш энтузиасттарды чогултуп, тажрыйба алмашуу, учурдагы тенденцияларды талкуулоо жана ички жана жаштар туризминдеги жаңы идеяларды сунуштоо.

Форумга  мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, КР Туризм департаментинин, Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун, туризм ассоциацияларынын, ЖОЖдордун өкүлдөрү катышты.

Форумду мэрдин орун басары Виктория Мозгачева ачып, ички туризмди өнүктүрүү шаар саясатынын приоритеттүү багыты жана борбордун маданий потенциалын илгерилетүүнүн маанилүү куралы экенин белгиледи.

Жаштардын демилгелерине жана жаңы туристтик долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду. Студенттер, стартаптар жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү этно жана экотур концепцияларынан баштап санариптик кызматтарга жана интерактивдүү саякат форматтарына чейин өз идеяларын көрсөтүштү.

Атап айтканда, санариптик платформалар аркылуу ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган “iZDE” долбоору, ошондой эле Бишкектин айланасында сейилдөөлөрдү театралдык саякатка айландырган “As a Nomad” интерактивдүү аудиоспектаклинин бет ачары болду.

Форумдун негизги максаты – туризм тармагынын адистерин, ишканалардын, окуу жайлардын өкүлдөрүн, жаш энтузиастарды чогултуп, тажрыйба алмашуу, учурдагы тенденцияларды талкуулоо, ички жана жаштар туризми жаатында жаңы идеяларды сунуштоо.