№ 31 мектебинде Кытай Эл Республикасынын түптөлгөн күнүнө, кытай элинин жапон баскынчыларына каршы туруу согушундагы жеңишинин 80 жылдыгына арналган жолугушуу өттү.Иш-чарага КЭРдин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин айым, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Ленин муниципалдык администрациясынын башчысынын орун басары Бактыгүл Исмаилова, Билим берүү департаментинин директорунун орун басары Медина Ботоканова, Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Айзат Тургумбекова ж. б. катышты.
Жолугушуунун катышуучуларынын назарына концерттик программа, ошондой эле кытай тили сабагынын фрагменти тартууланды.
Иш-чаранын өзгөчөлүгү комузчулар ансамблинин аткаруусу болду. Жолугушуунун соңунда балдар конокторго кийизден жасалган жагымдуу белектерди тартуулашты.