Бүгүн, 2025-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда курулуш объектилерине пресс-тур уюштурулду.
Мэр жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө шаардын билим берүү, спорт жана транспорт инфраструктурасын куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана заманбап ыкмалар тууралуу маалымат берди.
Алгачкы объект Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун 5100 көрүүчүгө ылайыкталган кичи спорт аренасы болду. Аренанын жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттуу жана жер төлөсү болот. Объектте витраждык конструкцияларды орнотуу, вентиляциялык шахталарды монтаждоо, өрт сигнализациясынын автоматташтырылган системасын орнотуу, электр тармактарын тартуу, коридорлорду, кеңселерди жана VIP-залды жасалгалоо, ошондой эле акустикалык системаларды жана көрүүчүлөр отургучтарын монтаждоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле объекттин аймагын асфальттоо боюнча даярдык иштери башталды. Белгилей кетсек, арена спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө арналган. Объектти курууда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттар каралган. Подрядчы — «Евразия Строй Сервис» ЖЧКсы. Кошумчалай кетсек, кичи спорт аренасынын жанына көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда.
Кийинки барган объект — «Чыгыш-5» кичирайонундагы №62 «Баластан» бала бакчасынын реконструкциясы болду. Бала бакчанын имараты УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте муниципалитетке кайтарылган. Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, бул бала бакчада жылма керебеттер колдонулат. Ошентип, бала бакчага 360 баланын ордуна 560 окуучу кабыл алынат жана мекеме 2025-жылдын 20-октябрында эшигин ачат.
Азыркы учурда бардык бөлмөлөр жаңыланып, жаңы жабдуулар орнотулуп, ар бир топ үчүн оюн аянтчалары түзүлгөн. Подрядчы — «Лидер Хаус» ЖЧКсы.
Андан кийин мэр Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнүн курулуш иштери менен таанышты. Учурда 24 метрлик устундарды орнотуу жана көпүрөнүн төрт тарабына инженердик коммуникациялар үчүн шакек формасындагы элементтер орнотулууда. Көпүрөнүн жалпы туурасы — 24 метр, эки бөлүктүн жалпы узундугу — 70 метр. Жол төрт тилкеден туруп, эки капталына 3 метрлик тротуар салынат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен бирге көпүрөнүн техникалык абалы текшерилди. Белгилей кетсек, бул аймакта эки көпүрө жайгашкан жана жалпысынан 22 устун орнотуу пландалууда.
Пресс-турдун акыркы объектиси — №3 мектептин кошумча окуу корпусу болду. Үч кабаттуу имаратта жер төлө, кампалар жана техникалык бөлмөлөр болот. Мектеп аймагында кичи-футбол, волейбол, баскетбол жана воркаут аянтчалары, ошондой эле жашылдандыруу жана эс алуу зоналары түзүлөт. Азыркы учурда темир-бетон каркасы орнотулуп, биринчи блокто ригелдер менен жабуунун калыптарын коюу иштери жүрүүдө, экинчи блокто колонна арматураларын токуу, ал эми үчүнчү блокто кайрадан топурак менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Подрядчы — «Эталон Вин Спец Строй» ЖЧКсы.
Пресс-турдун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бардык объекттерде курулуш иштеринин сапатына жана бардык долбоорлордун өз убагында бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.