Бүгүн, 2025-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы «Баңгизатсыз эркин жаша» жаштар форумун өткөрдү.
Форумга Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева, министрликтердин өкүлдөрү, борбор калаанын алдыңкы жогорку окуу жайларынын 500дөн ашык студенти, ошондой эле белгилүү спортчулар, артисттер, блогерлер жана коомдук ишмерлер катышты.
Катышуучулар баңгизат көз карандылыгынын алдын алуу, сергек жашоо образын жайылтуу, жаштардын туруктуу баалуулуктарын жана өз келечегине болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандыруу маселелерин талкуулашты.
Мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, илим, маданият жана спорт өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Жаштардын баңгизатсыз коомду куруудагы ролуна өзгөчө көңүл бурулду.
Форум Кыргыз Республикасында 2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу концепциясын жана 2023-жылдын 4-декабрында бекитилген Улуттук иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында өттү.
Иш-чара Кыргызстандын таза, коопсуз жана сергек келечегин калыптандыруу үчүн мамлекеттин, коомдун жана жаштардын күч-аракеттерин бириктирүүгө багытталган.