Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгуунун алкагында КР УИАнын Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бак илим изилдөө институту менен жемиштүү кызматташууда.


Бул өнөктөштүктүн негизги максаты — шаар чөйрөсүндө дарактардын жана бадал өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн киргизүү, сактап калуу жана рационалдуу пайдалануу багытында илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын колдонуу болуп саналат.


Ботаникалык бак Чүй өрөөнүнүн тоо этегинде жайгашкан жана аянты менен өсүмдүктөрдүн коллекцияларынын ар түрдүүлүгү боюнча Борбордук Азиядагы эң ири бактардын бири болуп эсептелет. Ошондуктан шаарды жашылдандыруу боюнча олуттуу тажрыйбага ээ.
Илимий-изилдөө институту жыл сайын шаар бийлиги үчүн маанилүү маалымат булагы болгон шаарды жашылдандыруу боюнча сунуштарды берет. Бул сунуштар менен көп жылдык изилдөөлөрдүн жана практикалык иштердин натыйжасында топтолгон уникалдуу маалыматтар Бишкек шаарынын башкы планын түзүүдө эске алынды.

Берилген материалдар климаттык шарттарды, экологиялык өзгөчөлүктөрдү жана шаардык ландшафттын функционалдык максаттарын эске алуу менен шаарга отургузууга оптималдуу ылайыктуу дарак жана бадал түрлөрүнүн тизмесин аныктоого мүмкүнчүлүк берди.
Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын илимий мүмкүнчүлүктөрүн Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгууга кошуу шаар куруунун жана экологиянын заманбап талаптарына жооп берген туруктуу жана кооз шаардык мейкиндикти түзүүгө жардам берет.