Кыргыз Республикасынын “Жол кыймылы жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган 2025-жылдын 7-апрелиндеги №183 “ Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу  тартиби жөнүндө” токтомдун долбоорун иштеп чыккан. Анын 9-пунктунда ылдамдыкты 25 км/саат менен чектеген түзмөктүн болушу талап кылынат.
Бул тартипте жалпы пайдалануудагы аймакта жеке мобилдүүлүк каражаты 3 сааттан ашык калтырылган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жеке мобилдүүлүк каражатын атайын сактоочу жайга жайгаштырууга укуктуу. Жеке мобилдүүлүк каражаттарын өткөрүүнүн, сактоонун жана ижарага берүүчүгө тапшыруунун тартиби жана шарттары жергиликтүү кеңештер тарабынан аныкталат.


Ошол себептен азыр Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкек шаарында жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштыруу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоорун иштеп чыгып, кароого  киргизди.
Ушул аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштырууну жөнгө салууга, эксплуатациялоого, сактоого жана   кошумча чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу болот. Ошондой эле, шаарда жеке мобилдүүлүк каражаттарын коюуга арналган так аймактар аныкталат, бул электросамокаттарды шаар боюнча ар кандай жайгаштырууну болтурбоо үчүн жасалат.


Мындан тышкары, жеке мобилдүүлүк каражаттарын иштетүүчүлөр электросамокаттарды жол жүрүүчү жана жүргүнчү бөлүктөрүнө койгонду чектөө чараларын киргизип, жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылына тоскоолдук жаратуусуна жол бербөө үчүн чараларды көрүп жатышат. Бирок, эң маанилүү фактор — колдонуучулардын маданияты, анткени акыркы чечим электросамокатты кайда койсо болорун ар бир колдонуучу өзү кабыл алат  жана жоопкерчиликтүү мамиле менен шаар тургундарына тоскоолдук жаратууну алдын алууга болот.