Чыгыш Чоң Чүй каналы аркылуу  Шукуров жана Медеров көчөлөрүн бириктирген көпүрөнү куруу иштери уланууда. Аталган жерде көпүрөнүн курулушна даярдоо иштери, жерди казуу,  түркүктөрдү жана   узундугу 14 метрди түзгөн устундарды орнотуу жумуштары аяктады.  Учурда көпүрөнүн үстүнкү катмарын бетондоо иштери жүрүп жатат.

Көпүрөнүн узундугу 15 метр, жалпы туурасы  15 метр, анын ичинен жолдун  эки четинде  2,25 м тротуаратрлар каралган. Жалпысынан 15 устун орнотулган.

Эскерте кетсек, көпүрөну куруу иштери 2025-жылдын июль айында  башталган.