"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын "Сапат Геодезия" подряддык уюму Кулиев көчөсүн балдар аянтчасынан Максат көчөсүнө чейинки жолду капиталдык оңдоодон өткөрүүдө.
Буга чейин жол шарттарын жакшыртуу максатында аталган жолго бир нече жолу шагыл төгүлгөн. Учурда бригада канализациялык кудуктарды көтөрүү жана жер иштерин пландаштырууну жүргүзүүдө, бул жаңы жол катмарын төшөөгө даярдык этабы.
Оңдоо иштери жол инфраструктурасынын сапатын жогорулатууга жана "Көлмө" конушунун жашоочуларынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.