«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы шаардын  конуштарындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин улантууда.

Учурдагы оңдоо иштери «Алтын-Ордо» конушунун Безымянная көчөсүндө Кадыр-Ата көчөсүнөн Кадырбай-Ата көчөсүнө чейин  жүрүп жатат.

Ишкананын адистери тарабынан бордюрлар жана ирригациялык системалар орнотулуп, тротуарлардын негизи даярдалууда. Жакын арада жолдун өзүнүн негизин даярдоо башталат.