Борбор калаада лифт жабдууларын жаңылоо программасы активдүү түрдө ишке ашырылууда.
Мисалы, «Тунгуч» кичи районунун №1 үйүнүн биринчи подъездине жаңы, заманбап лифт орнотулду.
Модернизациялоо программасынын алкагында 2025-жылы жалпы 124 лифтти алмаштыруу пландалган, ал эми бүгүнкү күнгө карата шаар боюнча 50дөн ашык лифт жаңыланды.
«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы төмөнкүнү маалымдайт:
Эгер үйүңүздөгү лифтти модернизациялоонун тизмесине киргизүүнү кааласаңыз, анда арыз жазуу жана сөзсүз түрдө турак-жай ээлерини шериктештигин (ТЖЭШ) түзүү зарыл.
Үйүңүз тизмеге киргизилгенден кийин лифттер алмаштырылат.
1. Лифттерди муниципалдык менчикке өткөрүү
2002-жылдын 21-майына чейин курулган үйлөр үчүн лифттерди муниципалдык менчикке өткөрүү №197 токтомдун негизинде жүргүзүлөт.
Милдеттүү шарт – ТЖЭШ болушу керек.
Керектүү документтер тизмеси (Бишкек ш., Чокморов көч., 246, Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти):
1.Юридикалык жактын (ТЖЭШ/турак жай курулуш кооперативи/кондоминиум) атынан арыз;
2.Жашоочулардын жалпы жыйынынын протоколу (менчик ээлеринин жок дегенде 51% макулдугу менен);
3.Лифтке жана лифт жабдууларына жасалган диагностиканын актысы (берилген күндөн тартып 1 жылдан ашпаган мөөнөттө);
4.Лифттин техникалык паспорту;
5.ТЖЭШтин юридикалык жак катары түзүлгөндүгү тууралуу документтердин топтому ;
6.Арыз берүүчүнүн ыйгарым укуктарын тастыктаган документ.
2. Лифтти модернизациялоонун титулдук тизмесине киргизүү
Бул кадам үчүн да ТЖЭШтин болушу милдеттүү.
№170 токтомдун негизинде «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасына төмөнкү документтер берилет:
1.Лифтти модернизациялоонун зарылдыгы жөнүндө жашоочулардын жалпы жыйынынын протоколу;
2.Жашоочулардын атынан ТЖЭШтин төрагасынын арызы;
3.Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ТЖЭШтин түзүүчү документтери;
4.ТЖЭШтин төрагасынын паспортунун көчүрмөсү;
5.ТЖЭШти каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү (эки тарабынан).
Бардык суроолор боюнча «Бишкекшаарлифт» муницпалдык ишканасына Жоомарт Бөкөнбаев көчөсү, 145 дареги боюнча кайрылууга болот.