Бүгүн, 2025-жылдын 5-октябрында «Калыс-Ордо» конушунда 110 орундуу жаңы бала бакчанын курулушуна мезгил кутусун салуу аземи өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, «Ассанабил» кайрымдуулук коомдук фондунун жетекчиси Саид Баюми жана Кувейттеги «Абдулла Нурий» уюмунун өкүлү Валид Ассейф катышты.
Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков акыркы эки жыл ичинде Бишкек мэриясы тарабынан 20 бала бакча курулганын, алардын ичинен 12си жаңы конуштарда ачылганын белгилеп өттү. Ал бул демилгени колдоп жаткан демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, мэриянын максаты — борбор калаанын бардык тургундары үчүн бирдей шарттарды түзүү экенин баса белгиледи.
Жаңы бала бакчанын курулушу «Калыс-Ордо» конушундагы балдарга мектепке чейинки билимге жетүүнү камсыз кылып, райондун социалдык инфраструктурасын жакшыртууга чоң салым кошот.
Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында катышуучулар социалдык шаарчада жүрүп жаткан курулуштар менен да таанышышты. Учурда ал жакта социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөр үчүн 30 турак жай салынган. Андан тышкары, комплекс аймагында 125 орундуу мектеп жана фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) да курулган.
Белгилей кетсек, бул долбоор мэрия менен «Ассанабил» кайрымдуулук фонду ортосундагы кызматташтык меморандумунун негизинде ишке ашырылууда.