Борбор калаада тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда. Москва көчөсүнүн Б.Бейшеналиева көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолдун эки тарабына жаңы асфальт төшөө иштерин баштады.

Асфальт салууга чейин, эски асфальтты алуу, бордюрларды жана ирригациялык системаны орнотуу жана тротуардын негизин даярдоо иштери аткарылды.

Буга чейин түндүк тарабына асфальт төшөлүп бүтсө, түштүк тарабындагы иштер бүгүн кечке чейин жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, бул тилкеде тротуарларды жаңылоо жөө жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жана коопсуздугун бир топ жакшыртат.

Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки түштүк бөлүгү мурда асфальтталган.

Аба ырайы туруктуу болгон учурда, башка тилкелерде асфальт төшөө иштери пландаштырылууда.