2025-жылдын 3-октябрында «Газпром-балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде  Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулган «Мектеп лигасы» жалпы шаардык мелдешинин расмий ачылышы өттү.

Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева куттуктоо сөз сүйлөп,  мэрия жаш спортчулар, алардын арасында дүйнө чемпиондору менен сыймыктанып,  спорттук демилгелерди жана балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүүнү колдоону улантарын белгиледи.

Мектеп лигасы Бишкекте 2016-жылдан бери өткөрүлүп, быйыл онунчу жолу өтүүдө.

Негизги максат – балдар жана өспүрүмдөр арасында массалык спортту жайылтуу, мектеп окуучуларын жигердүү жашоого үндөө, адистештирилген спорт мектептеринде андан ары билим алуу үчүн келечектүү оюнчуларды аныктоо.

Быйыл борбор калаадагы 104 мектептен 2016-2008-жылдары туулган окуучулар катышууда. Программада спорттун 13 түрү боюнча мелдештер бар: бадминтон, балдар үчүн жеңил атлетика, баскетбол, волейбол, гандбол, дартс, жеңил атлетика, кичи футбол, пионербол, стол тенниси, тогуз коргоол, ордо, шахмат.

Мектеп лигасынын жеңүүчүлөрү салттуу түрдө сыйлыктарды, эс алуу үчүн жолдомолорду алышат.