Район башчысы Ардагерлер кеңешинин өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодогу салымы баа жеткис экенин белгиледи.


Ленин районунун Ардагерлер кеңешинин кызматкерлери муниципалдык администрациянын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле ардагерлер үчүн “Тюбетейка” кафесинде майрамдык түшкү тамактануу уюштурулду.


Мындан тышкары, чакырылган ардагерлерди Республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Калысбек Жумабаев жана Шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Мелис Бейшеев куттуктады.