«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Волков көчөсүн Садыгалиев  көчөсүнөн Кустанай  көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштерин баштады.

Учурда эски асфальт алынып, жерди казуу иштери жүрүп жатат.

Оңдоп-түзөө иштеринин бардык этаптары аяктагандан кийин бул тилкеде жол толугу менен жаңыланып, жаңы тротуар  жана сууну агызуучу ирригациялык система курулат.