Бүгүн, 2025-жылдын 2-октябрында, Свердлов районунда укук бузуулардын алдын алуу максатында ата-энелердин коомчулугу жана мектеп жетекчилери менен жолугушуу өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, ШИИБнин Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чара жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, баңгичиликтин, ошондой эле кырсыктардын алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөтүүгө багытталган.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлү кыскача баяндама жана презентация көрсөтсө, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү окуучуларга ар кандай семинарларда жана тренингдерде көрсөтүлүп жаткан видеороликтерди тартуулашты. Материалдар ата-энелерди жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштыруу жана аларды жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча жалпы иш-аракеттерге тартуу максатында көрсөтүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы зордук-зомбулукка кабылган балдарды коргоо борборунун психологу Гүлзат Исабекова балдар психологиясынын өзгөчөлүгүнө токтолуп, ата-энелерге балдары менен мамиле түзүү боюнча сунуштарын берди.
Ата-энелер да суроолорун берип, жеринде маалыматтарды алышты.
Белгилей кетсек, бул иш-чаралар Бишкектин бардык райондорунда бекитилген графиктин негизинде өткөрүлүүдө.