Бишкектин Биринчи Май районунун “Мурас-Ордо” конушунда жаңы сейил бактын салтанаттуу ачылышы болду.
Ачылышка мэрдин орун басары Азамат Кадыров, райондун башчысы Улан Сарылбек уулу, капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Эрмек Арымбаев, конуштун аксакалы Калыгул уулу Табылды жана жергиликтүү тургундар катышты. Ардактуу коноктор куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, салтанаттуу ачышты. Райондун тургундары Бишкек шаарынын мэриясынын жана Биринчи Май райондук муниципалдык администрациясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Аянты 1,12 гектар болгон сейил бактын курулушун Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзгөн. Анда жөө адамдар үчүн жолдор, кичи футбол аянтчасы, балдар аянтчасы, спорт аянтчасы, жайкы сахна, арена, гүлзарлар каралган. Аймак көрктөндүрүлүп, скважина бургуланып, автоматтык сугат системасы орнотулуп, заманбап жарыктандыруулар орнотулду. Тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу жана вандализмден коргоо үчүн айланасына видеокөзөмөл камералары орнотулган.
Долбоор «Билдинг центр Вертекс» ЖЧКсы тарабынан иштелип чыгып, тендердин жыйынтыгында башкы подрядчик катары «Би Эм Ассист» ЖЧКсы тандалган.
Сейил бактын ачылышы Мурас-Ордо конушунун 20 жылдык мааракесине туш келди. Шаар тургундары жана коноктору үчүн Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Динара Акулова, Алтынай Нарбаева, Кайрат Примбердиев жана «Семетей» ансамблинин катышуусунда майрамдык концерт тартууланды. Жаштар арасында футбол, аркан тартыш, элдик оюндар сыяктуу спорттук мелдештер уюштурулду.